Президенттин маалымат катчысы Александр Лукашенконун жыйынга жөө келген себебин айтты

«Унаада эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон эмес, тиешелүү кызматтар бул боюнча алдын ала дыкаттык менен иштеп жатышат», — деп комментарий берди Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Александр Лукашенко буга чейин унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздаганын айткан.

«Беларусь президенти токтогон жай менен жыйындар залы бири-биринен анча алыс эмес болгондуктан, ал сейилдеп басып барууну чечкен. Аны ташыган автоунаанын техникалык абалы мыкты, эшиктин алдында даяр турган», — деди Эрбол Султанбаев.