Президенттин маалымат катчысы болуп дайындалган Аскат Алагөзов тууралуу эмне белгилүү?

Аскат Алагөзов 1984-жылы 18-июнда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жарыкка келген. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу: 2006-жыл, март — июль — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат кызматы, референт;

2006-жыл, июль — 2007-жыл, декабрь — КТРКнын «Кабарлар» радио берүүлөрүндө кабарчы;

2008-2012-жылдары — «5 канал» телекомпаниясында журналист-баяндамачы, атайын кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу;

2012- 2016-жылдары — «5 канал» телекомпаниясынын түз эфириндеги берүүлөрдүн продюсери;

2016-жылдын март айынан тарта — «Пирамида» медиа холдингинин директорунун орун басары;

2017-жылдын 20-декабрынан тарта — «Пирамида» медиа холдингинин директору;

2018-жылдын декабрынан 2020-жылдын октябрына чейин — Президенттин аппаратынын чакырылган эксперти;

2021-жылдын августунан 2022-жылдын октябрына чейин — Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын октябрына чейин — Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары.

2023-жылдын ноябрь айынан баштап президенттин маалымат катчысы.