Президенттин маалымат катчысы: «Садыр Жапаров Владимир Путинге уу-коргошун жөнүндө айткан эмес»

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «Сочидеги жолугушуу учурунда мамлекет башчысы орусиялык кесиптеши Владимир Путинге коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо жөнүндө айтты» деген билдирүүсүн четке какты.

Эрбол Султанбаевдин айтымында, жолугушууда уу-коргошун тууралуу сөз болгон эмес.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде: «Садыр Нургожоевич Владимир Путин менен ушул [уу коргошун] жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты«,- деген эле.