Президенттин маалымат катчысы: «Садыр Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалган»

Президенттин маалымат катчысы анын бүгүнкү депутаттар менен жолугушуусу тууралуу комментарий берди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалган

«Садыр Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалган, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуусу мерчемделүүдө«,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бул биринчи жолугушуу эмес. Буга чейинки жолугушуу 21-июлда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн.