Президенттин маалымат катчысы: «Шайлоо өнөктүгү учурунда президенттин атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартылат»

Шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бардык жарандар өлкө президенти шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жаткандыгына күбө болушууда. Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатат. Ошондуктан, биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 16-ноябрда Сузак районунун акими милицияга кайрылып, «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Шерзодбек Умарбековго карата чара көрүүнү суранган. Ал муну талапкердин өткөн аптанын жума күнү ага WhatsApp аркылуу байланышып, Сузак айыл өкмөтүн башкарып жаткан инисинин бир тал чачы түшпөшү керектинин айтып, «президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз» дегенин жүйө келтирген.