Президенттин маалымат катчысы тигүүчүлөр, курулушчулар жетишсиз экенин айтты

«Орусияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата мекениңерге — Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам». Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер. Сурап билүү телефондору: 1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга); 0559189900 WhatsApp», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.