Президенттин маалымат катчысы: «Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды»

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровго арыз жазды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, арыз эми мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Президент башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлер карап жатканы маалымдалды.