Президенттин оператору КТРКнын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди

Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди. Бул тууралуу фотограф Султан Досалиев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«29-июлда менин кесиптешим, досум Улан жаңы кызмат ордуна бекитилди — КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп бекиди»,- деп жазды ал. 

Буга чейин Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жаткан.