Президенттин оператору КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарып жатат

Президент Садыр Жапаровдун жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов ырастады.

Анын айтымында, эмдиги жума Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиевдин бул кызматка талапкерлиги каралат. «Ооба, ошондой. Ал КТРКнын директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Кийинки жумада кеңештин жыйыны болот. Ошондо бул маселе каралат», — деди ал.