Президенттин пресс-катчысы: «Кадрдык акыркы чечимди премьер-министр кабыл алат»

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевдин айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берди.

“Коомчулуктун пикирин жана мамлекеттик кызматкердин имиджине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдарды социалдык тармактарда жайылтууну эске алуу менен, президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасына өзүнүн жеке пикирин билдирди. Ошол эле учурда кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз»,— деди Байтерек.