Президенттин төш белгисин кайсы зергер канча сомго жасайт?

Ушул жылдын 28-январында расмий түрдө президенттик кызматка киришери күтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун төш белгисин жана анын штандартын жасоого 579 миң сом коротулары айтылууда. Маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасынын президенттеринин төш белгилерин «Opal» зер компаниясы жасап келет.

Төш белгинин баасы жана кандай металлдан жасалаарын билүү үчүн аталган компаниянын жетекчисине кайрылдык. Ал: “Мындай маалыматтарды айтууга жана таратууга бизге уруксат берилген эмес”, — деген жооп кайтарды.

Ушул эле компания Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун дагы төш белгилерин жасаган.