Пригородное айыл өкмөтүн басып алган аялдардын насыясы жоюлбайт

Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифингде билдирди.

Кармышаков өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аялдар менен жолугуп, сүйлөшкөн. Вице-премьер бул көрүнүштү кыжырды кайнаткан факты катары сыпаттап, мыйзам бузуу экенине токтолду. «Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен«, — деди Кармышаков.

Вице-премьер бир күндө же бир айда алардын маселесин чече калуу мүмкүн эместигин айтып, баары мыйзамдын негизинде жүрөрүн кошумчалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар бир аялдын маселеси жекече каралары чечилген. «Элдин тынчын алган менчик насыя берүүчүлөрдүн иши менен ИИМ иш алып барат. Банк системасы боюнча Улуттук банк менен аналитикалык иштерди жүргүзөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо жардам көрсөтөбүз. Баарынын көйгөйүн бир маалда чечип коюу мүмкүн эмес. Андай болбошу керек. Келишимге кол койгондон кийин аны аткарууга милдетүү», — деди ал.

Анын айтымында, анализ жүргүзүлгөндөн кийин эгер банк макул болсо, насыялардын мөөнөтү узартылышы ыктымал. Ар бир учур боюнча маселени директорлор кеңеши карайт.

15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын жарымы вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан. Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.