Психиатрия жана наркология тармактары жаңыланууга муктаж — министр тапшырмаларды берди

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөткөн адистештирилген мекемелерге иш сапар менен барды. Сапардын алкагында эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мамлекеттик программаны даярдоого басым жасалды. Ошондой эле Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөсүн баштоо маселелери талкууланды.
Министр Республикалык психиатрия жана наркология борборуна барып, клиникалык бөлүмдөрдүн иши, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар, кадр менен камсыздоо жана психиатриялык, наркологиялык жардамдын уюштурулушу менен таанышты. Өзгөчө көңүл соттук-психиатриялык экспертизага бурулду. Эксперттер менен өткөн жумушчу жыйында нормативдик жөнгө салуу, эксперттик корутундулардын көз карандысыздыгы, кадр тартыштыгы жана эмгек шарттары боюнча маселелер талкууланды.
Андан соң министр Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага барды. Жетекчиликтин маалыматына ылайык, стационарда учурда 319 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда. Министр бөлүмдөрдү кыдырып чыгып, материалдык-техникалык абалы менен таанышып, кызматкерлер жана бейтаптар менен сүйлөштү.
Сапардын жыйынтыгында министр төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:
• Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо үчүн кыска мөөнөттө техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү;
• Психиатрия жана наркология кызматын өнүктүрүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин кароосуна киргизүү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги психиатрия жана наркология тармактарын системдүү түрдө реформалоону көздөөдө — бул бейтаптар үчүн шарттарды жакшыртуудан баштап, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана диагностика, дарылоо жана реабилитациянын заманбап стандарттарын киргизүүгө чейин камтыйт.