Путин чокусуна илинген Украинанын желеги. Эки альпинист милицияга сурак берди

Мындан эки күн мурда Кыргызстанда жайгашкан Путин чокусуна белгисиз адамдар Украинаны желегин илип кетишкендиги тууралуу видео жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, видео тараган соң факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.

«Мергенчилик чарбанын кызматкери (егерь) суралган. Анын айтымында, 24-майда саат 18:30дар чамасында эки альпинист Путин чокусун көздөй бара жаткан. Алардын аты-жөнү такталды. Күбө катары сурак учурунда алар жогору жактан өлкөлөрдүн биринин желегин таап, видеого тартып, социалдык тармакка жарыялашканын билдирген. Иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.