Путин чокусундагы Украинанын желеги алынып, Кыргызстандыкы илинди

Путин чокусундагы Украинанын желеги алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов соцтармактагы баракчасына жазды.

Алар Путин чокусунда Украинанын желегин алып салышып, Кыргызстандын желегин илишкен.

Мындан эки күн мурда Кыргызстанда жайгашкан Путин чокусуна белгисиз адамдар Украинаны желегин илип кетишкендиги тууралуу видео жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришип, эки альпинист милицияга сурак бергенин билдиришти.