Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен кечээ, 25-ноябрда келди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Лидерлер Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч жолу ок атылды.
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын башчылары бүгүн, 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.