Путин Тажикстанда Орусиянын аскердик майданын бекемдөө тууралуу айтты

Ðîññèÿ. Ìîñêâà. Ïðåçèäåíò Òàäæèêèñòàíà Ýìîìàëè Ðàõìîí è ïðåçèäåíò ÐÔ Âëàäèìèð Ïóòèí (ñëåâà íàïðàâî) âî âðåìÿ âñòðå÷è â Êðåìëå. Ìèõàèë Êëèìåíòüåâ/ïðåññ-ñëóæáà ïðåçèäåíòà ÐÔ/ÒÀÑÑ

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажисктандын президенти Эмомали Рахмонго Тажикстанда Орусиянын аскердик майданын бекемдөө тууралуу айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Путиндин айтымында, Орусия Тажикстанда 201-аскердик майданын, ошондой эле тажик куралдуу күчтөрүн бекемдөөнүн үстүндө иштеп жатат. Бул багытта бир канча жылга эсептелген программа ишке ашырылат. Орусиянын президенти бул программанын өз убагында ишке ашуусу үчүн бардыгы жасаларын да баса белгиледи.

Тажикстанда жайгашкан 201-аскердик майдан — бул Орусиянын аймагынан тышкары орун алган эң ири аскердик объект. Ал Дүйшөмбү жана Бохтар шаарларында жайгашкан. 2012-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык, майдан Тажикстанда 2042-жылга чейин болот.