Белгилүү саясат таануучу Аркадий Дубнов Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Орусия дос деп эсептеген постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери чакырылганын билдирди.
Дубнов Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду 5-октябрда белгиленүүчү 70 жылдык мааракесине байланыштуу 3-даражадагы «Ата Мекенге сиңирген эмгеги» үчүн орден менен сыйлаганын эске салды. Саясат таануучу Рахмон өзүнүн орденин 7-октябрда Санкт-Петербургда алышы керектигин, ал дагы 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Путиндин чакыруусу менен келгени жатканын эске салды.