Путинден орден алган Кыргыз аткаминерлери кимдер?

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Мындан улам Путинден орден алган Кыргыз аткаминерлерин топтодук.

1. Майрам Акаева, туңгуч президент Аскар Акаевди жубайы. 2003-жыл. «Дружба» Ордени, Орусия Федерациясынын Ордендеринин катарында 17-орунда турат.

2. Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын экс-президенти, 2016-жыл. «Александр Невский» Ордени, Орусия Федерациясынын Ордендеринин катарында 6-орунда турат.

3. Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти, 2023-жыл. «Почёт» Ордени, Орусиянын Федерациясынын Ордендеринин катарында 16-орунда турат.