Путиндин Токаевге жазып, Садыр Жапаров аркылуу берген катында эмне жазылган?

Саммит учурунда Путин Токаевге жазып, аны Садыр Жапаров аркылуу кат берген видео тараган.

Катты алган Токаев Путинге башын ийкеп, катты чөнтөгүнө салып, кайра өзү кат жазып, аны жардамчысына берген.

Анын мазмунун Токаевдин маалымат катчысы Руслан Желдибай Tengrinews.kz  сайтына айтып берди. «Катта казакстандык жүк ташуучулардын орусиялык темир жол аркылуу ички тарифтер менен жүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылган. Кат аркылуу Орусия тараптын жообун алган соң биздин президент өкмөткө сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча тапшырма берди«, — деди маалымат катчы.