Рабия, Алия жана Асия… Ошто үч эм төрөлдү

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
27-август күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева кош бойлуулуктун 33/2 жумалыгында Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Үч эм кыздардын салмактары: 1855 грамм, 1600 грамм, 1390 грамм.

Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин аял бир кыздын энеси болсо, эми минтип үч кызды төрөп, төрт баланын энеси болду. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан.

Бүгүн, 13-сентябрь күнү ымыркайлар энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылды.