Рахманов: «Түнкү клубда Тай-Мурас Ташиев катышкан инцидент тууралуу жалган маалымат таратылып жатат»

Социалдык тармакта 23-сентябрда Бишкек шаарындагы И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубда Тай-Мурас Ташиев катышкан инцидент орун алганы жана анда ок атуучу курал колдонулганы тууралуу жалган маалымат таратылып жатат. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди.

«Тай-Мурас Ташиев ал күндөрү Кыргызстанда болгон эмес, ал умра сапарында болгон. Муну тастыктоочу билет жана сүрөттөрүн коомчулукка көрсөтүп коюуну туура көрдүк. ИИМдин маалымат кызматынан тастыкталгандай, фейк маалыматта көрсөтүлгөн дата жана даректе андай окуя катталган эмес жана милиция кызматкерлери да чакырылган эмес», — деп жазылат маалыматта.