Өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.
Ал бүгүн, 24-январда Тергөө кызматына барышы керек. Кадыр Атамбаев дагы суракка чакырылган.
Буга чейин милиция кызматкерлери Кадыр Атамбаевдин айдоочусу Эрмек Эрматовду кармаган.
Бишкек ШИИБ алардын суракка чакыртылганын тастыктап, бирок кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок.