Раиса Атамбаева кардиология бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жазып чыкты.
Анын айтымында, экс-президенттин жубайы 10 күндөн бери жүрөк оору, эс-учун жоготуу, алсыроо, кан басымдын түшүп кетишине байланыштуу дарыланып жатат.
“3 жылдан бери мурдагы канайымдын ден соолугу начарлап кетти”, — деп жазды ал.