Райым Матраимов Дубайга качып кеттиби?

«Кактус» басылмасы Кыргызстандын күч түзүмдөрү Райым Матраимовду таппай жатышканын өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

«Матраимов Дубайга качып кеткен болушу мүмкүн» деп айтылат аталган басылма тараткан маалыматта.

Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Бажы кызматынын мурдагы орун басары өлкөдөн чыгып кеттиби?» деген журналисттин суроосуна жооп берген эмес. «Суроого жооп бербейм» деген ал кеңсенин кабыл алуу бөлмөсүнөн чыгып кеткен, жардамчысы журналистти киргизбей койгон.