Райымбек Матраимовдун жубайы дагы АКШнын «кара тизмесине» киргизилди

АКШ Райымбек Матраимовдун жубайын да “кара тизмеге” киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалым болгондой, Матраимов Магнитскийдин тизмесине киргизилген. Негиздемеде анын бажы схемасына катышкандыгы, ага ылайык Кыргыз Республикасынан кеминде 700 миллион доллар чыгарылып кеткендиги айтылат.

Аталган тизмеге Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова да киргизилген.