Райымбек Матраимов УКМКдан менчик ооруканага жаткырылды

УКМКнын тергөө абагына киргизилген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине күч органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Деген менен азырынча анын ооруканага жаткырылышынын себеби айтыла элек. Бирок «24.kg» басылмасы өздүк булактарына таянып, Матраимов жүрөгү ооруп, менчик ооруканага жаткырылганын жазып чыгышты. Ошондой эле аталган басылма “Тергөө абагында жаткан айыпталуучуну менчик ооруканага жаткыруу мыйзамсыз» деп белгилешти.

Белгилей кетсек, мындан эки күн мурун  Райымбек Матраимов артериалдык кан басымына байланыштуу даттанган болчу. Анда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен «УКМКнын абагынан Матраимовго медициналык кызмат көрсөтүлүп жатат» деп билдирген болчу.

20-февралда Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 2 айга соттун чечими менен камалган.