Кечээ, 11-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыгарды. Анда сот Матримовго жаза чарасы катары 260 миң сомдук айып пул салып, конфискацияланган мүлкү менен банк эсептери кайтарылып берилсин деп бүтүм чыгарды.
Эске салсак, Матраимов УКМК тарабынан кармалган күнү мамлекетке келтирилген зыянды, 2 миллиард сомду кайтарууну убадалап, үй камагына чыккан эле.
“Мамлекетке кайтарылган 2 миллиарддын ичинде анын конфискацияланган мүлкү да барбы? Эгер Матраимовго мүлкү кайтарылып бериле турган болсо, анда ал убада кылган 2 миллиард сом эмне болот?”,- деген суроо менен СЕРЕП МЕДИА агенттиги Биринчи Май райондук сотуна кайрылды.
Райондук соттун маалымат кызматынын билдиргени боюнча, Райымбек Матраимов тарабынан мамлекеттик казынага которулган 2 миллиард сомдун ичине анын мүлкү жана банк эсеби кирген эмес. 2 миллиард сом толугу менен мамлекеттик казынага түшкөн.
«Мыйзамга ылайык, айрым беренелер боюнча кармалган жарандын тергөө иши башталганда анын мүлкү конфискацияланат. Сот кандай чечим чыгарса, ага баш ийүү керек. Кечээ сот «Матраимовдун мүлкү кайтарылып берилсин» деди. Демек кайтарылып берилет»,- дешти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан.