Райымбек Матраимовдун тушоо тойго баргандагы сүрөтү тарады

Социалдык тармактарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тушоо тойго баргандагы сүрөтү тарады. 

Маалыматтарга караганда, сүрөт мурдагы депутат Ибрагим Жунусовдун небересинин тушоо тоюнда тартылган. Той Бишкектеги «Фрунзе» ресторанында белгиленген. Айрым маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов Ибрагим Жунусовдун уулу Эламандын өкүл атасы. 

УКМК Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мурдагы чиновник УКМКнын имаратынан алыс эмес ​​жайгашкан май куюучу жайда кармалган. Ошол эле күнү Райымбек Матраимов бюджетке 80 ммллион сом которгону айтылган. Ага кылмыш тууралуу билдирүү берилген, андан кийин сот аны эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошоткон. Ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Ал келтирилген зыяндын ордун акча менен гана эмес, кыймылсыз мүлк менен да толтурган.