Райымбек Матраимовдун УКМКга эмнеге жеткирилгени айтылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 4-октябрь күнү кечинде УКМКга «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырылганы маалым болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

УКМК бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Кечээ, 4-октябрда коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимовдун УКМКга сурак берүү үчүн жеткирилгени маалымдалган.