Райымбек Матраимовго арналып ыр жазылды

Дамир Токтосунов аттуу ырчы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимовго ыр арнады.

Музыкалык композиция Youtube каналында жарыяланды. Ырчы өз ырында аны менен жаштайынан дос экенин айтып, ага узун өмүр каалайт. «Бар болгун Райым досум, өмүрлүү болгун, досум» деп айтылат ыр саптарында. 

УКМК Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мурдагы чиновник УКМКнын имаратынан алыс эмес ​​жайгашкан май куюучу жайда кармалган. Ошол эле күнү Райымбек Матраимов бюджетке 80 ммллион сом которгону айтылган. Ага кылмыш тууралуу билдирүү берилген, андан кийин сот аны эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошоткон. Ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Ал келтирилген зыяндын ордун акча менен гана эмес, кыймылсыз мүлк менен да толтурду.