СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги буга чейин өзүнүн мотивациялары менен ТикТокту «жарып» жаткан Жыргалбек Кудайкулов менен маектешкен. Ал 24 жашта, 2-стадиядагы рак оорусу менен жабыркап келет. Буга карабастан ал өзүнүн колдонуучуларына дайыма күлүп жүрүүнү, жакындарга көңүл бурууну жана убакытты туура пайдалануу керектигин айтып келет.
Бүгүн, 23-майда редакция өзү менен байланышканда жакында үйлөнөрүн айтты. «Тойдун датасы 31-майга деп белгиленди. 2004-жылы туулган. Оштун кызы болот. Тойдон кийин жүзүн көрсөтүп, кенен маалымат берем», — деди ал.