Рамиз Алиев баш болгон жетекчилер тартиптик жаза алышты

Мэр Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгына нааразы болду. Ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн бир катар жетекчилер тартиптик жаза алышты. Маалыматка ылайык, Октябрь районунда иштин начардыгы белгиленген. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

«Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь районунун участогунун башчысы тартиптик жаза алышты», — деп жазылат маалыматта.

Мэр коммуналдык ишканалар жаңы техникалардын келишин эске алуу менен иштөө ыкмаларын жана иш алып барууларын өзгөртүүсү зарылдыгын белгиледи. «Быйыл биринчи жолу атайын техникаларды алууга 1 млрд сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө олуттуу сандагы техникалар келип, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Демек, тейлөө жакшы натыйжаларды жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында сезилерлик өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү керек», — деп баса белгиледи мэр.

Кечээ, 20-декабрда борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоого «Тазалык»муниципалдык ишканасынын 700 кызматкери чыккан. Ал эми бүгүн, 21-декабрынын таңына карата 634 тонна техникалык туз сарпталды. Линияда «МАЗ» базасында 28 даана атайын техника, 4 даана СКП, Щеткалары менен 24 «Беларусь» трактору, Щеткалары менен 4 «бопкат» трактору, 2 даана фронталдык жүктөгүч жана 4 универсалдуу коммуналдык машина иштеген.