Равшан Жээнбеков коронавирус жуктуруп алууга шектелүүдө

Саясатчы, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков коронавирус жуктуруп алган болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум учурунда белгилүү болду.

Бүгүнкү отурумга Жээнбеков келген жок. Анын жактоочулары судьяга саясатчы ооруп жатканы тууралуу маалымкат тапшырышып, экс-депутат коронавирус жуктуруп алууга шектелип жатканын билдиришти.