Равшан Жээнбеков: «Соттор зомбулук маселесинде адилеттүүлүктү жоготуп алышты»

Бүгүн, 8-июлда Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында өспүрүмдөрдүн зомбулукка кабылышына каршы митинг өтүп жатат.

Митингге мурдагы депутат Равшан Жээнбеков да келди. Анын айтымында, укук коргоо органдары, соттор зомбулук маселесинде адилеттүүлүктү жоготуп алышты. «Алар мурдагыдай эле коррупцияланышкан. Мурдагыдай эле бийликтин буйругун аткарышат. Коомдогу болуп жаткан кыйынчылыктарды сезбей калды. Кыздардын, аялдардын укугу маселесине көп көңүл бурушубуз керек. Аягына чейин күрөшөлү», — деди ал.