Равшан Жээнбеков: «УКМКнын менин карындашым тууралуу тараткан маалыматтары — жалган»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин менин карындашым, судья Мира Жээнбекова жөнүндө тараткан маалыматтардын баары жалган. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, карындашы сотто иштеп жатканына 4 гана жыл болду жана ал оппозициячыл саясатчынын карындашы. Андыктан саясатчынын карындашы сот иштеринде эч нерсе чече албайт болчу.