Саясатчы Равшан Жээнбеков келин алды (видео)

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан үйлөндү. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА агенттигине Равшан Жээнбеков өзү ырастады.

«Айтургандын кыз узатуу тою Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Ал эми биз тойду үйдө эле бердик», — деди ал.

Маалыматка караганда, келини Айтурган 23 жашта. Кара-Кулжа районунун кызы. Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктаган.