«Разаковбу же Раззаковбу?». Бишкекте тактага жазылган көчөнүн аталышы талкууда

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт менен бөлүшүп, анда башы анык катыганын жазып чыгышты. Ага тактага жазылган көчөнүн аталышы себеп болгон.

Тактада көчөнүн аталышы эки жолу жазылган, эң кызыгы анын бирөөсүндө Разаков болсо, экинчисинде Раззаков деп жазылган. Соцтармак колдонуучулары бул сүрөт боюнча «мына эми таптакыр башым катты», «эки «з» тамгасы менен жазылат да ээ?», «Разаков деген ким, мен Раззаковду эле тааныйт экем» деп жазышууда.