Ишкерлердин реестрге кирген компаниялар кандай артыкчылыктарга ээ болушат? 

Кыргызстанда Ак ниет ишкерлеринин реестри түзүлдү. Ага компаниялар тарабынан арыздар берилип, комиссиянын тандоосунан 8 компания өткөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Реестрге киргизилген компаниялар кандай артыкчылыктарга ээ болушат?

* Мамлекеттик телеканалдарда жарнама үчүн акысыз эфир берилет;

* Салык жана бажы кызматында кезексиз тейлинишет;

* Эл аралык көргөзмөлөргө жана форумдарга акысыз катышуу мүмкүнчүлүгү;

* 3 жыл бою текшерүүлөрдөн бошотулат (салыктык текшерүүлөрдөн сырткары);

* Мамлекеттик программалардын алкагында жеңилдетилген каржылоо алышат.