Добуш бергендердин 80 пайызга чукулу Конституциянын жаңы долбоорун колдоду

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 8:00дөн тарта жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо тилкелеринин эшиги саат 20:00дө жабылды.

Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери ошол жердин убактысы менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болот.

Саат 20:36га карата алдын ала жыйынтык:

Макул: 624 618 адам — 78,96%;

Каршы: 107 091 адам — 13,58%.