Референдум жана шайлоого карата Калкты тейлөө борборлору дем алышсыз иштешет

Жарандар ID-карталарын дем алыш күндөрү да ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү дем алыш күндөрү да иштешет.

ID-паспортун даярдоого арыз берген жарандар 2021-жылдын 10-апрелинде саат 9:00дан 18:00го чейин, 11-апрелде 9:00дөн 20:00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат. ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын https://portal.srs.kg/kg/ электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы, «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси жана 119 Колл-центр аркылуу алса болот.