Референдумга каршы кезектеги жөө жүрүш болуп өттү

Бүгүн, 20-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы болгон активисттердин кезектеги жөө жүрүшү болуп өттү. Алар адаттагыдай эле темир жол бекетинен баштап, нааразычылык акциясын “Ала-Тоо” аянтына келип жыйынтыкташты. Активисттер “Референдумга жол жок”, “Мыйзамдуу өлкө”, “Хансыз өлкө” деген сыяктуу жана башка жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Жөө жүрүшкө катышкандар бийликти Баш мыйзамды өзгөртпөөгө чакырып, алар мындан ары да максатына жеткенге чейин акция уюштура беришерин билдиришти. Мамлекеттик башкарууну аныктай турган референдум 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өтүшү дайындалганы маалым.