«Реформа» Бишкек боюнча көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну талап кылат

«Реформа» партиясы 2021-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүү күнүндө мыйзам бузуулар боюнча Бишкек АШКга арыз жолдоп, билдирүү жасады.

«Бишкек АШКнын маалыматы боюнча, жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн кайрылган шайлоочулардын жалпы саны 4 миң 970 адамды түздү. Алардын ичинен: өз алдынча же жакындары аркылуу кайрылган шайлоочулар болгону 648 адам, үй комитеттери жана райондук комитеттери аркылуу 4322 адам.

Мыйзамдарда үй комитеттери жана кварталдык комитеттер аркылуу арыздарды берүү каралган эмес. Акыркыларынын мындай ыйгарым укуктары жок — шайлоочулардын атынан чыгып, арыздарын УШКларга тапшыруу! Үй комитеттеринин жана кварталдык комитеттердин шайлоочулардын атынан арыз берүүсү — бул шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасир берүү максатында административдик ресурстарды колдонуу.

Мындан тышкары, “Реформа” партиясы шайлоочулардын добуш берүү күнү шайлоо участогуна келе албай калгандыгынын себептерин жана үй комитеттеринин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, ушул адамдардын бардык билдирүүлөрүн текшерүүнү зарыл деп эсептейт.

Саясий партиялардын байкоочулары өз эркин билдирүү купуялыгын одоно бузгандыгы жөнүндө көптөгөн видео фактыларды жасашты. Тилкеден тышкары жерде добуш берген шайлоочулар УШКнын мүчөлөрүнүн ашыкча таасири астында калышты жана мыйзамсыз үгүт иштери жүргүзүлдү”,- деп айтылат билдирүүдө.