Режиссёр Турсунбек Усенов кырсыктан каза болду

Кечээ, 3-июль күнү режиссёр Турсунбек Усенов 73 жашында кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Кыргыз киносунун сайтында жарыяланды.

Турсунбек Усенов 1-июль күнү Токмоктогу жүк ташуучу унааны сүзгөн жеңил унаанын ичинде болгон. Ал эки кесиптеши менен тартуу иштерине бара жаткан. Анын бири оор абалда, экинчиси ооруканада туруктуу абалда.

Режиссёр Турсунбек Усеновдун акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-июлда «Кыргызфильм» киностудиясында өтөт.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Турсунбек Усеновдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.