Рекорд! Бишкекте 6, 7, 8-июнда эң ысык аба ырайы катталды

Бишкекте 6, 7, 8-июнда метеобайкоо жүргүзүлгөн тарыхта эң ысык аба ырайы катталды. Тагыраагы 1936-2023-жылдар аралыгындагы рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу «Аба ырайы жана климат» сайты жазды.

— 6-июнда борбор калаада абанын температурасы 35,6 градуска жетип, бул нормадан 6,5 градуска көптүк кылды.
— 7-июнда борбор калаада абанын температурасы 36,8 градуска жетип, бул нормадан 7,2 градуска көптүк кылды.
— 8-июнда борбор калаада абанын температурасы 37,7 градуска жетип, бул нормадан 8,3 градуска көптүк кылды.