Өлкөдө көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады

Көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 2021-жылдын 28-октябрына карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 5 миң 306 сомду түздү же 19,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 миң 795 сом), Баткен (9 миң 524 сом) жана Исфана (8 миң 643 сом) шаарларында катталган. Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 миң сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 миң сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 миң 200 сом) болду.

Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербенде тоннасы 4 миң 76 сомго же 2 эседен ашык, Баткенде тоннасы 2 миң 886 сомго же 43,5 пайызга жана Жалал-Абад шаарында тоннасы 1 миң 876 сомго же 39,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.