«Паракорлук, тоноо, зордуктоо». Өлкөдө кылмыштардын олуттуу өсүшү катталды (статистика)

Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталган, алардын саны өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар катталган. Кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5 пайызга өскөн.

Өткөн жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны дээрлик үчтөн бириге көбөйгөн. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны — 26 пайызга, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны — 34 пайызга, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 6 пайызга көбөйгөн.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36 пайызга, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары — 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өскөн.

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңгизаттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40 пайызга жакыны баңгизаттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан»,- деп айтылат маалыматта.

Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.