«Ринаттын ордуна мен бармакмын». Учак кырсыгынан жабыркагандардын жакыны эмне дейт?

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку — Грозный каттамы боюнча учкан учак кулап түшкөн. Аварияга кабылган учактын ичинде жалпы 67 адам болгон. Бул видеодо биз кырсыкта аман калган кыргызстандык Тилек Осмонов жана анын жакыны менен окуя тууралуу сүйлөштүк.

Мелис Муканбетовдун айтымында, учак кырсыгынан аман калгандардын бирөөсү бажасы, экинчиси досу, үчүнчүсү досунун иниси.

«Баку аркылуу Грозныйга конушмак. Грозныйда аба ырайы начар болгондуктан буларды жакыныраак Актуага кондурабыз дешкен. Бирок коно электе учак бир тарапка тартып калды дейт. Андан кийин эле ичиндеги кычкылтек баллону жарылды дешти. Эрландын башын жарып кетиптир. Көп узабай жерге кулашкан. Тилек Эрланды чыгарып, экөө Ринатты издешет. Ал отургучтун астында калып калган экен. Баш сөөгү сынып кеткен абалда болгон деп жатышат. Учактан чыкканда эле биринчилерден болуп ооруканага алып барышкан. Ринат комага түшүп калган. Тилектин колу сыныптыр. Эрлан белинен жаракат алыптыр. Ринат 2004-жылкы жигит. Ал эми Эрлан менен Тилек 1988-жылы туулган жарандар. 

Грозныйда Тилектин 3 унаасы камакта болчу. Бажыдан чалып, 24-декабрда чыгарабыз дешкен. Алар унааны алып, Кыргызстанга салабыз деген максатта бара жатышкан. Бирок ага жетишпей, кырсыктап калды. Негизи унаа сатып иштечүбүз. Ринаттын агасы экөөбүз Казакстанга учуп кетебиз. Калганын барып көрөбүз.

Тилек бажама унаа боюнча жардамдашып жүрчүбүз. Ринаттын ордуна мен бармакмын. Жумушум чыгып калып, досумдун иниси Ринатты жибергенбиз. Ринат ата-энеси жок бала. Бир тууган агасы менен эжеси бар. Агасы Канат экөөбүз эртең учуп кетебиз»,- деди ал.