Рита Карасартова: «Камчыбек Ташиев Өзгөнгө курултайга барат. Ошондо келишимди түшүндүрүп берсин»

Укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, жыйында бир гана УКМКнын камерасы тартып жатканын эске салды.

«Булар эртең жыйын өттү, коомчулуктун өкүлдөрүн чакырдык. Алар суроолорун берди. Аттуу-баштуу мурдагы спикерлер келип, өз оюн айтты, сонун өттү» деп туруп, биздин отурганыбызды телевизорго чыгарат. «Баары Ташиевге ыраазычылык айтты» деген тасма чыгарат болушу керек», — деди ал.

Ал ошондой эле Өзгөндө курултай өтөрүн, ага Камчыбек Ташиев барарын убадалаганын айтты. «Урматтуу өзгөндүк туугандар, оппозиция катары биз да барабыз. Ташиев келишимдердин баарын алып, ошол жакка барам деди. Күтөлүк. Ошол жердеги жарандарга түшүндүрүп берсин. Күтө туралы», — деди ал.