Рита Карасартова СИЗО-1 боюнча: «Бир бөлмө 10 адамга ылайыкташкан. Тамагы да, дааратканасы да ошол жерде»

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып, учурда тергөө абагында жаткан укук коргоочу Рита Карасартова СИЗО-1ден кат жазып, социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Өзүм жөнүндө айтсам, 30 чарчы метр бөлмө 10 адамга ылайыкташкан, тамагы дагы, туалети дагы ошол жерде болгон бөлмө экен. Бөлмөдөгү айымдар менен таанышып, укук коргоо ишимди улантып кеттим. Маанайым жакшы! Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү мен үчүн тарыхый окуя», — деп жазды ал.

Ал ошондой эле кармалган 5 айым ар кайсы камерага киргизилгенин айтты. «Саясатчылар, укук коргоочулар жана коомдук активистер деп жамандап атышат, эл билиши керек, биздин арабызда СИЗО деген эмне экенин уктаса түшүнө кирбегендер дагы бар экен. Атайын унаа менен СИЗОго баратканда бирөө солдаттарга кайрылып, «бизди (5 айым) бир бөлмөгө бөлүп койсоңор жакшы болот эле» деп суранып койду. А мыйзам боюнча биз “подельникпиз”, бир кылмышты (бийликти басып алуу арекети) чогуу уюштургандардан болобуз да, бизди тескерисинче ар бирибизди, ар башка камерага жайгаштырды. Бир бирибизди таптакыр көрбөйбүз, ким кайсы камерага киргенин билген жокпуз. Бизди, бир топ саясатчылар камалды деп, бир четинен кооптонуу, экинчи жагынан бир Кудайым берген мүмкүнчүлүк катары, күтүп атышыптыр», — деп жазды ал.